Бүгүн, 22-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Кыргызстан" саясий партиясынын VI съезди өтүүдө. Съездге миңден ашык делегаттар чакырылган.
Бүгүнкү иш-чарада партия кайрадан лидер кылып Канатбек Исаевди шайлады. Ал аталган партияга буга чейин да лидерлик кылып келген. Бүгүн отчёт берип, партия өкүлдөрү анын отчётун канааттандырарлык деп тапты. Исаев партияга алдыдагы 4 жылга лидер болуп шайланды.