Саясат майданында күзүндө кызуу күрөш баштала турганы айтылууда. Мунун чекесин жакында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да чыгарып: "Күзүндө жана келерки жазда өлкөдө туруктуулукту бузгусу келгендер аракет кылат",- деди. Бирок өлкө башчы мамлекетте баш аламандыктын болушуна жол берилбей турганын баса белгиледи. Карапайым калк "Түшүм жыйнай турган маалда дагы эмне болуп кетет?" деп кооптонуп турган учур. Деги эле күзүндө коомдук-саясий абал кандай өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн? Саясаттагы айрым таанымал инсандардын пикирин сурадык.
-Күздөн эмнени күтөсүз? Кыргызстандагы коомдук-саясий абал курчушу мүмкүнбү? Курчуса ага эмнелер шылтоо болот деп ойлойсуз?
Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:
- Учурда күзүндө Кыргызстандагы саясий абал кандай боло тургандыгы тууралуу ар кандай имиштер айтылууда. Дүйнө жүзүндө кыш, жай мезгилдери эс алуу болуп, күз менен жазда саясатта активдүүлүк күчөй баштайт. Анын сыңарындай эле Кыргызстанда дагы митингдер башталып, ар кандай активдүү иш-аракеттер болот. Мындай көрүнүш жыл сайын эле болуп жатпайбы. Андан чоң деле коркунуч күтүүгө болбойт.
Азамат Акелеев, серепчи:
- Акыркы мезгилде жергиликтүү көйгөйлөр баш болуп баарын жол тосуулар менен чечүүгө аракет кылуу күч алды. Укук коргоо жана сот органдары начар иштегендиктен, өкмөттүн чабалдыгынан ушул көйгөйлөр жаралууда. Мунун баары бийликтин бардык тармагында реформа жүргүзүлбөгөндүктөн болуп жатат. Мындай мүмкүнчүлүктөн, албетте, ички күчтөр да, тышкы күчтөр да пайдаланат. Көчө оппозициясын жеңүүнүн, коомдук-саясий кырдаалдын алдын алуунун бирден бир туура жолу - эрктүү өкмөттү түзүү. Күчтүү реформа жасай ала турган өкмөт сот системинде, укук коргоо органында өзгөрүүлөрдү алып келе алса, анда алдыдагы көптөгөн көйгөйлөр бат чечилмек.
Токон Мамытов, КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри:
- Күзүндө коомдук-саясий абалды курчутабыз деген тышкы жана ички күчтөр абдан эле көп. Алардын арасында оппозиционерлер да бар, бийликте жүргөн айрым адамдар да бар. Кээ бири азыркы бийликке “22 жылдан бери топтолуп калган маселелерди чечип бергиле” деген талап коюшса, башкалары коркутуп-үркүтүп кызматка жетүүгө аракеттенишет. 2-3 жылдын ичинде бардык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн эмес да. Ал эми коркутуу жолу менен кандайдыр бир кызматка келүүнү каалагандар өз жашоосун эптей албай, же картошка айдай албай, же буудай себе албай, эт менен челдин ортосунда жүргөндөр.
Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты:
- Кыргызстанга кыргыздар гана душман, башка душмандын кереги деле жок. Ошондуктан күзүндө толкундоолор болуп, саясий абал курчушу толук ыктымал. Тышкы саясатты алсак, АКШнын базасы чыгарылып жатканы жакшы көрүнүш, ошол эле убакта биз Орусияга кул болуп калбашыбыз керек. 2014-жылы Бажы биримдигине кирүү үчүн даярдыктар күзүндө аякташы керек. Ага кирсек, өкмөт жана президент эл үчүн жеңилдиктерди алышы керек. Андай болбой турган болсо, Кыргызстандын гана эмес, Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар да өлкөгө келип, митинг уюштурушу толук ыктымал. Ал эми ички саясатта болсо, “Кумтөр” маселесин Кыргызстандын пайдасына чечүүбүз зарыл. Эл аралык соттордон утулуп калсак, анда саясий абал өтө оорлойт. Ошондой эле сот системинин начар иштеп жаткандыгы, кээ бир соттор буйрук менен иштешип, көрүнүктүү саясатчылардын камалып жаткандыгы дагы көтөрүлүштөрдү чыгарышы мүмкүн.
Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
- Күзүндө кыргыз саясий айдыңында саясий күрөштүн жаңы этабы башталат. 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин эл жаңы бийликке 3 жыл убакыт берип, чоң үмүт менен карап турду. 3 жыл деген оңой убакыт эмес, колунан иш келген кишилер 3 жылда көп нерсени өзгөртүп коёт. Колунан иш келбегендер "мага тиги-бул тоскоол болуп жатат" деп ар шылтоону айтып актанып, карганып жүрө берет. Күздөн тартып таразанын ташы бийлик үчүн тескери жакка оошу мүмкүн. Азыр бийликти бир ууч, трайбалисттик-регионалдык идеологияга уугуп калган, "начар да болсо корообуздун кочкору өзүбүздүн короодон болсун" деген деңгээлдеги кишилер гана жактап-коргоп калды. Ой жүгүртүүсү жалпы улуттук деңгээлге көтөрүлгөн жарандарга мамлекетти көтөрүп кете турган чыныгы улуттук лидер керек. Андай лидерди издөө ушул күздөн кайра башталат. Анын себеби баягы эле саясий, экономикалык жана социалдык кризистердин мурдагыдан да курчуп, өлкөнүн өспөй жатышы. Мурунку режимдердеги коррупциялык схемалардын кайра гүлдөшү жана башкалар.