Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев: "Кыргыз тили боюнча мыйзам кабыл алынганга чейин кыргыз тили Ак Үйдүн босогосунан кире алчу эмес". КҮНСОБОЛ

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

Андан бери 30 жыл өттү, кыргыз тили жетиштүү деңгээлде өнүктү дегендер аз. Бийлик өкүлдөрүнөн тартып мектептеги окуучуларга чейин, арасында эне тилинде сүйлөй албаган Кыргыз жарандары бар. Бул көрүнүштү кадыресе кабыл алгандар да четтен чыгат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?" деген собол салды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, кыргыз тили бул убакыт аралыгында жакшы деңгээлге чыга алды.

"Албетте, бийлик кыргыз тилин үйрөнүп жатат, буюрса жылыштар бар. Мыйзам кабыл алынган жылдарда, ага чейинки жылдарда кыргыз тили Ак Үйдүн босогосунан кире алган эмес. Бир гана тил үстөмдүк кылчу. Ошол мезгилде кырдаалды түшүнгөн Чыңгыз Айтматов Фрунзе шаарында болгон ири илимий конференцияга кыргыз тилин жана башка улуттардын тилдерин ойлонуп, сарсанаа чегип, лингвизм маселесин сунуш кылган. Бул да биздин тилдин тоталитардык коомдо жок болуп кетпөөсүнө шарт түзгөн.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин анын макамы эң алдыңкы планга чыкты. 30 жыл ичинде биз каалагандай, биз самагандай, күткөндөй ийгиликтер болгон жок. Тилди коомдон бөлүп кароо түк мүмкүн эмес. Мамлекетте болуп өткөн саясий, экономикалык оор-кыйыштар тилге чагылды.

"2014-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү" деген улуттук программа кабыл алынган. Анын алкагында биз тилдерди үйрөтүүнүн эл аралык стандартынын мейкиндигине кирдик. Эми тилек кылып жатабыз, кийинки жылы мектеп бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн кандай тилдеги мектепти аяктагандыгына карабастан, кыргыз тили жана адабияты деген предметтен да тест тапшырат. Мындан тышкары, кыргыз тили жөнүндөгү токтомдун негизинде мамлекеттик кызматкерлер документтерди кыргыз тилинде жүргүзө алам деген сертификаттарды ала башташат. Быйыл Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга ылайык, эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштей турган жарандар кыргыз тилинде сүйлөп да, жаза да ала тургандыгы боюнча сертификат алат. Бул мэр болом дегендерге да тийиштүү.

Эң башкысы тилдин ээси эл, жапа тырмак тилге кызмат кылбасак, иш алдыга жылбайт. Эч ким бул маселеде байкоочу болбошу керек", - деди Ишекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан