"Бийлик кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн иш-аракеттер жүрүп жатат, жыйынтыгын берүүдө деген ишеничтемин" дейт Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков. КҮНСОБОЛ

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

Андан бери 30 жыл өттү, кыргыз тили жетиштүү деңгээлде өнүктү дегендер аз. Бийлик өкүлдөрүнөн тартып мектептеги окуучуларга чейин, арасында эне тилинде сүйлөй албаган Кыргыз жарандары бар. Бул көрүнүштү кадыресе кабыл алгандар да четтен чыгат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун айтымында, бул багытта бир катар иш-аракеттер жүрүп жатат.

"Бийлик акыркы жылдары атайын алты жылдык программа кабыл алып, ошонун негизинде кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатат. Бул үчүн жаран мамлекеттик тилди билсе, мамлекеттик кызматта иштей алат деген мыйзам кабыл алынды. Анын негизинде Кыргызтест түзүлдү. Кыргызтесттен ал адам мамлекеттик тилди А, Б, В деп бөлүнгөн деңгээлдердин кайсынысына ылайык билсе, ошондой сертификат берилет. Ошол сертификатка карата тигил же бул кызматка иштей алат деген систем түзүлдү. Мен ошол жумушчу топтун башчысы катары айтам, программа иштеп жатат, аны ишке ашырууга каражат дагы бар, жылыштар да болууда. Тиешелүү тил комиссиясы ар бир министрликке барып, анализ жасап, иш кагаздар канчалык пайызда мамлекеттик тилде жүрүп жатат деп көзөмөл жүргүзүп жатышат. Анын жыйынтыгы президенттен тартып, бардык жетекчилерге берилет. Бул аракеттер өзүнүн жыйынтыгын бере баштады деген ишенимдемин", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан