Экс-депутат Ширин Айтматованын ун өндүрүүчүлөргө байланыштуу тараткан видеосуна депутаттар жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова "Нан жана зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы" деген аталыштагы видео жарыялаган. Анда ал Кыргыз мамлекетине буудайды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу мыйзам долбоорунун кабыл алынганы боюнча кеп салган. Аталган мыйзам долбоору 2015-жылы кабыл алынып, кайра 2017-жылы ошол эле кошумча нарк салык киргизилген. Видеодо Айтматова Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөгөнүн, мындан миллиондогон сом, тагыраагы бир жылда эле 650 миллион сом пайда көрүшкөнүн айтат. Ал жерде депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Дастанбек Жумабеков, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун ысымдары аталган.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ошол мезгилде ун өндүрүүчүлөрдүн абалын эске алып, аларды сактап калуу максатында бул мыйзам долбоорун өкмөт сунуштаган. “Буга чейин эле Ширин Айтматовага окшоп экономиканы түшүнбөгөн Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев сыяктуу саясатчылар бул маселени көтөрүп жүрүшкөн. Ошол мезгилде ун өндүрүүчүлөрдүн абалын эске алып, аларды сактап калуу максатында бул мыйзам долбоорун өкмөт сунуштаган. Бүгүнкү күндө мыйзам жаңыдан, жакшы болуп жазылса дагы ун өндүрүү тармагын эч ким сактай албайт. Анткени Кыргыз мамлекетинин базарын ун жана жем боюнча казак өндүрүүчүлөрү тейлеп, көзөмөлдөп жатат. Ал эми ата мекендик ун өндүргөн заводдор эчак эле жабылып, азыр башка продукция чыгарылууда. Мисалы, аталган мыйзам кабыл алганга чейин мурдагы мен иштеген “Мариям” корпорациясы ишин токтотуп, бут кийим өндүрүү багытында иштей баштаган”, - дейт Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков ошол учурда буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам туура эле кабыл алынганын айтты. "Саясатты Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жасасак, ошондо өлкө оңолот. Бири-бирибизди жамандоо менен экономика, элдин жашоосу дагы оңолбойт. Ширин Айтматова Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган, бирок чоң экономист экенин көргөн эмесмин. Кыргыз мамлекетинин экономикасына пайда алып келип, 100 миллион сом салык төлөп, өлкө экономикасы үчүн иштеп жаткан жигиттер көп. Ошон үчүн эмгегин караш керек. Конкреттүү иш менен баатыр болушу керек. Буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам туура кабыл алынган. Бирок мен добушту "каршы" деп бергем. Ширин Айтматовага окшогондор бурмалап мени же башканы эртең күнөөлүү кылмак экен", - дейт Чыныбай Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан