КҮНСОБОЛ: Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн? Ахматбек Келдибеков: "Кандайдыр бир чоң себеп болбосо шайлоо өз учурунда өтүш керек"

Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.

Саясатчы Ахматбек Келдибеков парламенттик шайлоо өз учурунда өтүшү керектигин айтты. "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтөт деген сөздөр айтылып жатат. Бирок шайлоонун өтүшүнө бир жылдай убакыт калды. Жогорку Кеңешти эрте таркатууда кандайдыр бир чоң себеп болбосо шайлоо өз учурунда өтүш керек. Президент деле шайлоо өз учурунда болот деп айтты. Ар нерсе өз учурунда болгону жакшы. Шайлоо өтө турган болсо саясий же башка жактан эсептеп, жакшылап анализдөө керек. Кыргыз мамлекетинде эрте өткөрүлгөн шайлоо жакшы жыйынтык берген эмес. Учурда Жогорку Кеңештин таркалышына себеп көргөн жокмун", - дейт Келдибеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан