Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул парламент тарабай турганын айтты. "Алар өздөрүн таркатууга негиз түзбөйт. Буларды "чөнтөк парламент" деп айтса болот. Депутаттар өздөрүнүн жанын багыш үчүн кайсы шайтан болсо да кызматташып кеткенге толук даяр. Алар парламенттин таркатылышын каалабайт. Анткени булардын көпчүлүгү кийинки шайлоодо өтүшпөйт", - дейт Чолпонбаев.