Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков коомдо парламентке болгон нааразычылык жеткиликтүү деңгээлден жогору деген пикирде. "Негизи парламентке болгон нааразычылык күчтөр болот. Бул жолку парламентке нааразычылык мурдагыга караганда бир топ күчтүү. Элдин парламентке болгон жек көрүүсү пайда болуп калды. Бирок ошого карабастан Жогорку Кеңешти таратуу механизми аябай оор. Парламентти депутаттар өздөрү гана тарата алат. Бүгүнкү күндө өздөрүн таратабыз дегени реалдуу эмес. Парламенттик шайлоого бир жыл калды. Ошондуктан парламентти бүгүнкү күндө таратуу оор болот. Алар өздөрүн-өздөрү таратышпайт. Президент же өкмөт парламентти таратыш үчүн көп ресурс, чыгаша, саясий милдеттемелерди алышка туура келип калат. Ошондуктан менин оюмча шайлоо өз убагында өтөт. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүгө күчтүү себептер жок", - дейт Жээнбеков.