Депутат Бактыбек Турусбеков: "Жогорку Кеңештин төрагасы Америка, Орусияга барса деле кыргыз тилинде сүйлөсө болот". КҮНСОБОЛ

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганын коомчулук сынга алууда. Ал эми айрым жарандар мамлекеттик тилде эле баяндама жасаса туура болмок деген пикирлерин айтышууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков спикер Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда мамлекеттик тилде сүйлөсө болот эле деген пикирде. "Төрага отурумда кыргыз тилинде сүйлөсө болот. Өздөрү кыргыз тилинде сүйлөйбүз деп чечишсе, мамлекеттик тилде сүйлөй берсе болмок. Казакстанда эмес АКШга, Орусияга барып деле кыргызча сүйлөсө болот", - дейт Бактыбек Турусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан