Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Кыргыз улутундагы жарандар өзүнүн эне тилинде гана сүйлөгөнгө милдеттүү". КҮНСОБОЛ

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганын коомчулук сынга алууда. Ал эми айрым жарандар мамлекеттик тилде эле баяндама жасаса туура болмок деген пикирлерин айтышууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, Кыргыз жаранын орус тилинде туура эмес сүйлөдү деп сындаган болбойт.

"Кыргыз улутундагы жарандар өзүнүн эне тилинде гана сүйлөгөнгө милдеттүү. Башка тилде туура эмес сүйлөп койсо сындаган болбойт. Эл аралык тилдер бар. Ага орус тили кирет. Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда эл аралык тилде сүйлөө керек деген талап болушу мүмкүн. Ошондуктан төрага орус тилинде сүйлөсө керек", - дейт Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан