"Жанар Акаев бизнесин жашырды" деген маалыматка депутаттын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Экономист.кж" сайтынын жазган кабарына жооп кайтарды. Анда "эл өкүлүнүн "Akaev IDEA" деген ишканасы бар экендигин, бирок ал декларациясында ал ишкананы такыр көрсөткөн эмес" деп жазылып, депутаттар декларация толтурууга олуттуу карашпайт деп белгилеген.

Бул боюнча Акаев билдирүү таратып, чынында эле "Akaev IDEA" жоопкерчилиги чектелген коому ага тиешелүү экенин белгиледи.

"Экономист.кж" сайты менин 5 жыл мурдагы “жашырылган бизнесим” тууралуу жазып чыкты. Мен муну эч кандай саясатка же шайлоого шылтабайм, анткени аталган сайт маалымдаган "Akaev IDEA" жоопкерчилиги чектелген коомун мен мамлекеттик кызматка келгенге чейин ачканым анык. Бирок бул ЖЧК эч кандай ишмердик менен алек болбогону тууралуу маалыматы болсо да, “бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык, анткени бул ЖЧК ачылып, бирок мен мамлекеттик кызматка өткөнүм үчүн ал таптакыр иш алып барган эмес. Бул ЖЧК күркүрөп акча тапмак тургай, бир ирет да ишмердик жүргүзгөнгө үлгүргөн жок. Бир жолу да киреше тапкан эмес, бул тууралуу салыктын төлөнүшү же ишмердик тууралуу оңой эле аныктап койсо болот. Мыйзам боюнча Жогору Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат, мен муну жакшы билем, ошондуктан мамлекеттик кызматка келээрим менен аталган министрликке ЖЧКны жаап салуу тууралуу арыз менен кайрылгам, бирок эмнегедир ошол учурда жабылган эмес, биздин кемчилигибиз арыз берген боюнча көзөмөлдөбөй калганбыз, жабылды деген ойдо. Бирок мен мыйзамды бузуп, ишкердик менен алек болгон эмесмин.

Бул ЖЧК азыр минюсттун сайтында ликвидация болуучу ЖЧКнын катарында турат. Кымындай иш жүргүзгөн эмес, болгону өз убагында жабуу арызыбыз көзөмөлдөнбөй калганын мен азыр териштирип жатам", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан