Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура кадамбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул туура эмес кадам экенин айтты. "Конституцияда билим алуу, медициналык тейлөө акысыз деп жазылган. Ошондуктан мамлекеттик ооруканаларды акы төлөөгө өткөрүү туура эмес. Негизи мамлекеттик ооруканалар коммерциялык болбош керек", - дейт Токтошев.