Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура кадамбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов абалы жакшы мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүүгө каршы экенин айтты. "Мамлекеттик оорукананын абалы оор болсо, каралбай калса өзүн-өзү каржылоого өткөрсө болот. Ал эми абалы жакшы ооруканаларды өткөрүүгө каршымын. Себеби бекер оорукана болуш керек. Өлкөдө Орусиянын, Түркиянын жана башка мамлекеттин менчик ооруканалары көп", - деди Эргешов.