Депутат Аида Исмаилова: "Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоорунда кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн". КҮНСОБОЛ

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура кадамбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дагы бул токтом долбоорун колдоп жатканын айтты. "Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура эмес. Мисалы, Кыргыз-Түрк ооруканасы жеке менчик эле болуп калды.

Өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмү эмненин негизинде сунушталып жатат? Ал жерде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу иштейт. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн. Бул маселени парламенттин тийиштүү комитетине алып чыгам. Мамлекеттик ооруканаларын өзүн-өзү каржылоого өткөрүп берсек социалдык колдоого муктаж жарандарыбыз эмне кылат? Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн", - дейт Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан