Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура кадамбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча долбоорду пилоттук түрдө иштетип көрүш керек деген пикирде. "Ошондо мамлекеттик ооруканадагы дарыгерлер жакшы иштегенге умтулушат. Мамлекеттик оорукананын деңгээли көтөрүлөт. Азыркы учурда дарыгерлердин 80 пайызы мамлекеттик ооруканадан чыгып, жеке менчик ооруканаларда иштешет. Өзүн-өзү каржылоого өткөндө алардын айлыктары көбөйүп, дарыгерлердин чөнтөгүнө түшкөн акчалар кассага төгүлөт", - дейт Мамашова.