Бүгүн, 26-сентябрда Аламүдүн райондук администрациясынын имаратында Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйынга мамлекеттик комиссия мүчөлөрү жана Кой-Таш айылынын тургундары катышты. Алгач комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Раимкулов сөз баштап, комиссиянын негизги максаты тууралуу айтты: "26-августта Өкмөттүн буйругу менен 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Биздин максат окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөө. Ошондуктан бүгүн Кой-Таш айылынын тургундарын да чакырганбыз", - деди.
Жыйын суроо-жооп иретинде болуп, комиссия келген элден 7-8-августтагы окуя тууралуу айтып берүүсүн суранды. Элдин арасынан чыккан жактоочу: "Жалпы элдин көз-карашын айтайын, эл азыркыга чейин нааразы. Себеби бул окуя башынан эле мыйзам чегинен тышкары болгон. Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин депутаттар Конституциялык соттун чечимин күтпөй туруп алып салган. Экинчиден, УКМК "ИИМдин токтомуна жараша иш кылдык" деп туруп, 8-августта мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган. Бул боюнча атайын "адамзатка каршы кылмыш" деген берене бар. Ошол кезде чабуулга буйрук берген жетекчилик бул боюнча сөзсүз жооп бериши керек", - деди ал.
Окуянын дагы бир күбөсү 75 жаштагы Гүлкайыр Аблесова "1000ге жакын бала жаракат алып, көпчүлүгү майып болуп калышты. Көбүнчө аялдар, энелер УКМКнын кызматкерлери тарабынан соккуга учурады" деп кошумчалады.
Жалпысынан жыйында Кой-Таш айылынын тургундарынын атынан келгендер сүйлөп, кийинки жыйынды Кой-Таш айылында өтсүн деп талап кылышты. Комиссия мүчөлөрү макул болуп, бир айдын ичинде кайрадан жолугушуу болорун айтышты.