Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-сентябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Анда Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.
Жээнбеков Евразиялык аймакта ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди практикалык ишке ашырууга сезилээрлик салым кошоруна ишенимин билдирди. Президент ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, өз ара соода жүгүртүүдө тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи. Ал 5 жыл аралыгында ЕАЭБ экономикалык интеграциялык биримдик катары өзүнүн туруктуулугун жана натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.
Саркисян 5 жыл мурда ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары кандайча иштей турганы боюнча белгилүү бир божомолдор бар болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү күндө айрым пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн систем толугу менен калыпка келгендигин белгиледи.
Тараптар ошондой эле Ереван шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана «Евразиялык контитенттин потенциалы» эл аралык форумунун жыйындарынын күн тартибин талкуулашты.