Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга караганда суу 2 миллиард метр кубга аз

"Биздин милдет – калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана катуу отун менен камсыз кылуу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүгө тийишпиз". Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 миллион 114 миң тонна көмүр керек. «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан бүгүнкү күнү ташылып келген 680 миң тонна көмүрдүн 150 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрдөн жана 2800 тоннасы импорттолгон көмүр. Зарыл көлөмдөгү газды ташууга келишим түзүлгөн. Мазут ташууга тендер жарыяланган. Жакын арада жеңүүчү белгилүү болот. Бишкек ЖЭБинде 1200 тонна мазут болсо, Ош шаарынын ЖЭБинде 4000 тонна мазут бар. Алгачкы мезгилге бул көлөм жетиши керек. Социалдык объекттерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштери пландаштырылган график боюнча жүрүп жатат», – деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, көмүрдүн баасы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш. «Мындан тышкары калк үчүн чекене көмүр сатуу түйүндөрүн иретке келтирүү зарыл. Жыл сайын окшош эле көрүнүшкө күбө болобуз – кышка жакын шаарлардын, райондордун жана облустардын борбордук көчөлөрү соода жайларына айланат. Ар кайсы жерде көмүр, чаң. Район башчылары, шаар мэрлери, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери буга өтө дыкат көңүл буруп, көмүр сатууга өзүнчө жайларды берип, тартипке келтирүүгө тийиш. Ошол эле учурда жарандардын калк үчүн көмүр сатылган жерлер тууралуу маалыматы болушу керек», - деди өкмөт башчы.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард метр куб түзүүдө. «Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз. Бул күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү көлөм. Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт. Бирок кийинки кыштан өтүү боюнча тынчсыздануу бар, себеби суунун аз болоору байкалууда. Бул көрүнүштү эсепке алуу менен, Өзбекстанга кышында электр энергиясын берүүдөн баш тарттык, Казакстанга келишим боюнча саатына 270 киловатт беришибиз керек. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулду», - деп Назаров кошумчалады.

Өкмөт башчы ири компаниялардын, өзгөчө энергетиктерге карызы барлардын электр энергияны колдонуусуна мониторинг жүргүзүү керектигин белгиледи. «Энергияны үнөмдөөнүн жаңы механизмдерин дагы киргизүү зарыл. Мисалы, «Газпром-Кыргызстан» ЖЧКсы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн газ менен камсыздоону сунуштап жатат. Бул негизинен жаңы конуштар. Бул үчүн өзүнчө программа керек, аны ыкчам иштеп чыгуу абзел», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан