Вице-премьер Жеңиш Разаков жана Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин кант тармагындагы абал жана анын өнүгүшүн талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Разаков мамлекет жана кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжасында, акыркы жылдары шекерди өндүрүү көлөмү өсүп жатканын белгиледи. «2017-2018-жылдары бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда кантты импорттоонун шартына байланыштуу шекердин баасы ичкы рынокто арзан болду. 2018-жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон. Канттын дүң баасы сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланды. Ошондой эле шекердин импорттолушу кант өндүрүшүнүн чыгашасынын 8-11 пайызга көбөйүүсүнө алып келди. Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттайт», - деди Жеңиш Разаков.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшү тармагындагы кызматташууну жана даяр продукцияны сатуу үчүн рынокту кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Акыркы 2 жылда өлкөдө кант кызылчасынын аянты 3 эсе көбөйдү, ал эми анын түшүмүн жыйноо боюнча айтсак, орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоннага чейин көбөйдү. 2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында колдонулган канттын 80 пайызы импорттолуп келчү. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102,2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшүүлөр 19 пайызга жогорулады же 430 миллион сомду түздү.
Буга чейин кант кызылчасын өстүргөн дыйкандардын эмгеги акталбай, чыгымга учурап жатышканын айтышкан.