Кечээ, 28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында «Азаттык» радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат таратты.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-сентябрь күнү Ы.И. аттуу жаран телефон чалып, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан номери жок үйдүн жашоочулары анын видеокамерасын жана учуп тартуучу аппаратын (дрон) белгисиз адамдар күч менен тартып алышып, үйүнө алып кирип кетишкендигин билдирген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барышып, окуянын жүрүшү тууралуу тиешелүү маалыматтарды топтошкон.
Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Ош шаарынын тургуну, «Азаттык» радиосунун оператору А.К. арыз менен кайрылып, «кесиптик милдеттерин аткарышып жаткан учурда, алардын жалпы суммасы 22700 долларды түзгөн видеокамера, штатив, дрон аппаратынын башкаруу пультун коркутуу менен 4 бейтааныш жаран тартып алышып, Лексус-330 үлгүсүндөгү автомашинасына салып кеткендигин» билдирип, алардан видеоаппаратураларды кайтарып алууга көмөк көрсөтүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранган.
Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат 14:22де катталган.
Ушул эле күнү, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну Н.Ж. арыз менен кайрылып, анда ал өз арызында «28-сентябрь күнү эртең менен саат 08:00дөн тартып жашаган үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салып жатат. Бул адамдар кимдер, кимдердин буйругун аткарып жүрүшөт? Бирөөлөрдүн жеке менчик үйүн видеого тартканга кандай укугу бар? Буга чейин «Азаттык» радиосу жеке менчик ээсинин макулдугусуз видеотасмага алып, адамдардын жеке купуя жашоосун жыйнап жана ачыкка чыгарып келишкен. Аталган радионун журналист жана операторлоруна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү суранамын» деп билдирген.
А.Ж.нын арызы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат 15:15де катталган. Арыз ээсинин жакындары тарабынан тартылып алынган видеоаппаратура акт түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына саат 20:24тө үчүнчү арыз келип түшкөн. Арыз ээси ошол эле Супаналиев үйүнүн тургуну А.у.О. короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген. Өз арызында белгисиз дрон менен жашаган үйүн, короосун тартып жатып, дронду түшүрүп жиберген жарандарга карата чара көрүп берүүнү суранган. Дрон аталган даректи кароо учурунда үйдүн короосунан ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган. Арыз саат 20:24тө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Катталган арыздар боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы болгон окуяны ар тараптуу терең иликтөө максатында тиешелүү иш чараларды жүргүзүшүп, сотко чейинки өндүрүш иштерин башташты. Күбөлөр суралууда", - деп жазылат маалыматта.