Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки бала каза болуп, ал эми бир окуучу комага түшкөн. Учурда ал эсине келип, Республикалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев билдирди.
Дарыгердин айтымында, бала аймактык ооруканадан эсине келип, өз алдынча дем алып баштаганда которулган.
10-сентябрда 16 жаштагы окуучу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.