Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы чачма октон эки жаран жабыркап, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна бүгүн, 30-сентябрга караган түнү келип түшкөн. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруканага 32 жана 34 жаштагы жарандар келип түшкөн. Аларды бытыра менен көкүрөккө жана бутуна аткан. Учурда абалдары туруктуу.
Бул боюнча Чүй ОИИББи маалымат бере элек.
Чүй облусунун Орок айылында буга чейин резонанс жараткан жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыккан. Ушул жылдын 5-июнунда айылда Айт намаз учурунда эки өспүрүм катуу сабалган. Алардын бири 15 жаштагы Тимур №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, ал эми экинчиси аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатканы маалымдалган.