super.kg logo

Ороктогу жаңжал. Сокулук РИИБинен кармалгандардын көбү чыгарылды (фото, видео, хронология)

 

Сокулук районуна караштуу Орок айылында Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Айт намаз учурунда 3 өспүрүмдүн ортосунда мушташ болгон. Натыйжада 2002-жылы туулган жергиликтүү тургун денесинен жаракат алган. Мындан улам аталган айылда жергиликтүү тургундар чогулуп баштаган.

"Учурда Орок айылында милиция кызматкерлери жана анын жетекчилиги иш алып барууда, мындан сырткары атайын кызматтагы жоокерлер да тартылды. Алар чогулган элди таратууга аракет кылышууда", - деп билдирди тургун.

Алдын ала маалыматтар боюнча милиция тарабынан 10 жергиликтүү тургун кармалды.

17:30. SUPER.KG порталынын кабарчылары жеринен барып түз эфир бере баштады. Журналисттер барган учурда жергиликтүү тургундар милициядан кармалган жарандарды бошотуу талабын коюп жатышты.

18:00. Жергиликтүү тургундар айылдын ортосуна чогулуп, Айт намаздан кийин жергиликтүү 2 тургун тарабынан катуу сабалган 2 өспүрүмдү сабагандарга карата чара көрүүнү талап кылышты. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаңжалды басуу аракеттерин көрүштү.

18:05. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат барып жергиликтүү тургундар менен жолукту. Аталган айылга барган Түркиянын элчисин жергиликтүү тургундар тосуп алып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, 2 өспүрүмдү ур-токмокко алган жарандарды катуу жазалоону өтүнүштү. Элчи чогулган жарандарга кайрылып, бул маселени дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечүү керектигин баса белгиледи.

18:20. Жабыркаган эки өспүрүм тең 2003-жылы туулган балдар. Алар Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына жеткирилип, бири жандандыруу, ал эми экинчиси травматология бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18:30. Мындан сырткары жаңжал учурунда 15 турак үйдүн жана бир нече унаанын айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундун сарайы өрттөлгөн.

18:40. Милициянын берген маалыматына караганда, 2 өспүрүмдү ур-токмокко алган 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми жергиликтүү тургундар өспүрүмдөрдү токмоктогон жарандарга карата тиешелүү жана адилет чара көрүүнү талап кылышты. Алар Сокулуктагы райондук ички иштер бөлүмүнө барууга камынышты.

18:40. Жерине Ички иштер министрлигинен өкүлдөр жана күчөтүлгөн тартипте аскерлердин, милиция кызматкерлеринин жоон тобу абалды турукташтыруу үчүн барышты.

18:50. Окуяга катыштыгы бар деп кармалган жергиликтүү тургундардын жакындары Сокулук РИИБинин имаратына барууга аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери аларды курчоого алып, Сокулук тарапка чыгарбоо аракетин кылышты.

"Өзүбүз барып аларды бошотуп келишибиз керек. Биздин көзүбүзчө колу-бутун кайрып алып кетишти. Барбасак бошотушпайт, күч колдонуп сабашат", - деп нааразычылыгын билдирди жергиликтүү тургун.

19:00. Бул арада милициянын өкүлү, басма сөз кызматынын улук инспектору Назира Имангазиева топтолгон журналисттерге официалдуу маалымат берди:

"5-июнь күнү болжол менен 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышкан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү жүргүзүп баштаган. Ал эми жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилди".

20:00. Жергиликтүү тургундар сарайларга өрт коюшууда. Жеринде жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу чогулгандар тарап жатышкан. 2 жерде жыйылган чөптөр белгисиз адамдар тарабынан өрттөлдү. Жеринде 1 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

20:10. Жабыркаган балдардын бири Тимур А. 2003-жылы туулган. Ал Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жабыркаган баланы көргөнү ооруканага келген адам буларды билдирди:

"Тимур Бишкекте окуйт, каникулга чоң атасыныкына барган. Бейбаш эмес жоош бала болчу. Эмне болуп жаңжалга аралашып калганын билбейм. Апасы кош бойлуу, этият болуубуз керек. Тимур учурда өзүнө келди", - деди ал.

20:30. Чүй ОИИББинин берген маалыматына караганда, учурда Орок айылындагы абал туруктуу жана милиция кызматынын көзөмөлүндө. Жеринде министр Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары иштеп жатат. "Сокулуктагы урушту улуттар аралык жаңжал деп баалабоого чакырабыз", - деп билдирди ИИМ.

20:55. Учурда сарайларда жыйылган чөпкө коюлган өрт өчүрүлө элек. Терезелери талкаланган 7-8 үйдүн тургундарына милиция кызматкерлери арыз жаздырууда. Үйүнүн терезелери талкаланган жашоочулар материалдык чыгымдарды төлөтүп берүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин да ушул сыяктуу жаңжал болгон жана ал эки тараптуу элдешүү жолу менен чечилген. Бул ирет бардык мыйзам бузуулар тиешелүү тартиптердин негизинде чечилиши керек дешет.

21:10. Милиция кызматкерлери жана аскерлер кооптуу делген көчөлөрдү курчоого алып, абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатышат.

22:00. Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын алдында кармалгандардын жакындары чогулушту. Алар кармалгандарды бошотуу талабын айтышууда. Учурда Сокулук РИИБине 31 адам мыйзамга жат келген иш-аракеттерди жасады делинип жеткирилген.

22:40. Сокулук РИИБинин алдына 60 адам топтолду. Алар "балдарыбызды 4 сааттан бери кармап жатат" дешүүдө. Арасында жабыркаган бала Тимурдун апасы бар. "Тимур 15 жашта, башынан катуу жаракат алган" дешет тургундар. Жабыркаган баланын апасы күйөөсүн милиция кармап кеткенин, өзү кош бойлуу болгонуна байланыштуу жолдошун жандандыруу бөлүмүндө жаткан баласынын жанына чыгаруусун талап кылат.

Ал эми милиция кызматкерлери РИИБге эч кимди киргизбей жатат.
23:00. ИИМдин орун басары: "Эртең менен мушташка шектелип кармалган 2 бала убактылуу кармоочу жайда. Массалык башаламандык боюнча 32 адам кармалып сурак берүүдө. Алардын жанында эки жактоочу бар. Дагы 40 мүнөттөн кийин күнөөсү жоктор чыгарылат".
23:25. Сокулук РИИБинде кармалгандардын 25тен ашыгы чыкты. Жалпысынан 31 адам болчу. Милициядан чыккандар күбө катары сурак бергенин айтышты. Алар басым же кысым болгон жок дешти.
Кармалгандардын арасында Айт намазда сабалган баланын атасы болгон. Ал баласынын абалын телефон аркылуу билип турганын айтты. "Бирок менин балам жандандыруу бөлүмүндө дегенине карабай 5 саат кармашты", - деди атасы.
Учурда РИИБде кармалган 3-4 адам калды.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(28)
05.06.2019. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
249
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
25-06-2019 07:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+10
Ушундай ыйык кундо айт майрамында кыскыла е Башка куну суйлошуп ала бересинер
05.06.2019. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
25-06-2019 16:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өспүрүмдөрдү кой деп тыйып койгондун ордуна чоңдорда аралашып жаңжал чыгарып уят эмеспи улуулар ушинтсе кичүүлөр кайда барат
05.06.2019. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
27-06-2019 00:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19, атасы болушчаактын баласы ыйлаак деп койчу беле...
05.06.2019. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
27-06-2019 01:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Баарыбыз таяктап, таяк жеп осконбуз. Азыркылар аябай назик
Adi010891 түзөттү 2019-06-05 20:34:37
05.06.2019. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
26-06-2019 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ороктогу кыргыздар жоош еле го не болгон буларга....
05.06.2019. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
26-06-2019 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынч жашабайт экенбиз да,куйту эл экенбиз озу.Жон эле тынч жашасак эмне болот?!
06.06.2019. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-09-2013
Соӊку аракети:
07-06-2019 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
Skarlett-Skarlett,Тынч эле жашап жүргөндө жеткиришти да ошого. Биринчи кыргыздар баштаган жок го.Кайра өзүбүздү жамандайбыз да.
06.06.2019. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
26-06-2019 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
ararat...,Сиздин ашыкча улутчулдугунуз бул жаман корунуш,азыр улут боло турган заман эмес.Азыр элдин тушунугу жогору,компьютердин заманы.Мындай болсок эч онукпойбуз
07.06.2019. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-09-2013
Соӊку аракети:
07-06-2019 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Skarlett-Skarlett,Ашыкча улутчулмунбу же объективтүү оюмду жаздымбы?)Жакшыраак карап жазсаңыз туура болот.
06.06.2019. 02:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
25-06-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Skarlett-Skarlett,Россияда 1млн кыргыз бар, Туркияда деги койчу дуйнонун 4бурчунда жашап журушот туугандар чек болуш керек баардык жерде! Уят, намыс, озгонуу сыйлоо, таалим тарбия деген нерсе болуш керек! Башка жактан кыргыздарды ойлогула! Якутиядагы кырдаал бизге чоон сабак болуш керек
06.06.2019. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
29-09-2017
Соӊку аракети:
27-06-2019 02:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
daniel87,озгону сыйло деп якутияны мисал кылыпсында кайра оз оюну озун жуз пайызга каршы чыгыпсын. Биринчиден биз кыргызпыз кыргыз мамалекетинде жашайбыз ошол биздиг олкодо жашаган башка улут биздин баланы сабап атса биз карап туруш керекпизби ошондо сенин оюнча. Экинчиден жанагы сен айтып аткан якутияда бир чукча кызды кыргыз зордуктады деп якут жигиттери чыктыго оздорун коргоп. Бирдеме кичине ойлонуш керекта. Анан байкасам баягы эле трайбилзмдин жыты жыттанат комментайрилерде
05.06.2019. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
27-06-2019 00:01
Жынысы:
Белгисиз
+11
Турциянын элчиси эмнеге барды?? Курдалар менен урушкан жокпу кыргыздар? Улут аралык дебегиле дегенине караганда?
06.06.2019. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
26-06-2019 23:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pchelka85, Курддар менен кыргыздар
05.06.2019. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
26-06-2019 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+18
Турк министри барганы мага эмнегедир жакбай турат биздин ички проблемага Эмнеге аралашып жатат кыргыз элим биримдуу бололу
05.06.2019. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
12-05-2015
Соӊку аракети:
26-06-2019 22:26
Жынысы:
Белгисиз
+13
биздин бийликтегилерге нааразы болуп кетесин ушундайда, турциянын элчисин эмнеге аралаштырат турк улутундагы балдар урушканы менен булар кыргызстандын жараны жолотпош керек мамлекеттин ички иштерине.
06.06.2019. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
26-06-2019 20:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Topchu83,диаспораны ээрчип барса керек
05.06.2019. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
832
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
26-06-2019 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+10
Турциянын посолу эмне кылып жүрөт? Балким ошол баштабадыбы? Өткөндө муфтият менен чырдашып жатпады беле атайын айт намазда уюштуруп болбосо ал эмне жүрөт турциялык түрктөр эместа булар бул жерде бирнерсе бар түрктүн балдары жөн уралмак эмес
05.06.2019. 23:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
499
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
26-06-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+10
1 өспүрүм сабалды анан 2 өспүрүм сабалды кайра эле 1 өспүрүм сабалды..
06.06.2019. 05:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
26-06-2019 22:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Take_men, мен эле тушунбой атат экен десем
06.06.2019. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
27-06-2019 05:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
Качанкыга чейин озубуздун жерде башка улуттардан токмок жеп жашайбыз качан бизге Кыргыз деп куйгон жетекчи келет
06.06.2019. 00:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
27-06-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турк элчиси эмнеге барды тушунбодум турктор бизди башкарып калдыбы, бугун Ошто да айт намазда туркторду олгудой мактадыго
06.06.2019. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
27-06-2019 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо турктор кыргыз баланы сабаганбы же кыргыздар турктордубу? Бир бала сабалды эки бала сабалды деп башты айлантпай фамилия атын,улутун жазып койбойсунарбы,жок дегенде Т.Ш Б.М деп,ким кимден таяк жеп,ким жанжал чыгарганы тушунуксуз...
06.06.2019. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-09-2013
Соӊку аракети:
07-06-2019 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Nur777,Биринчи эки күрд бир кыргыз баланы сабаптыр,аны көрүп чуркап барган экинчи кыргыз баланы сабашыптыр.
06.06.2019. 01:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
27-06-2019 00:42
Жынысы:
Белгисиз
0
ararat...,тушунуктуу...рахмат!
06.06.2019. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
28-09-2015
Соӊку аракети:
26-06-2019 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Түрктөрдү (түркиялык) тыйыш керек
06.06.2019. 01:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
26-06-2019 22:03
Жынысы:
Белгисиз
+7
Түрк элчиси не кылып жүрөт аякта!?Кыргызстандын ички ишине аралашып,ички иштер министрлиги буга чара көрүш керек!
06.06.2019. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
25-06-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Улутчулдук коз караш менен патриоттук коз карашты чаташтырбагыла! Улутчулдар-озумчул, бактысыз, озгонун жакшылыгын коро албаган, сыйлоону, кадырлоону билбеген, коз карашты, дуйно таанымы тар адамдар! Оз жеринде туруп кыйын болуп курд туугандардын уйлорун ортогонго силерге ким уруксат берди? Кимин уйу ортолсо баардык чыгымдары толонсун жаны заманбап уйлорду салып берсин окмот! Башка журттагы кыргыздарды ойлойсунарбы кыргызым?
06.06.2019. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
27-06-2019 02:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Мында бир мандем бар,2 айылда сразу улут аралык жаңжал чыкты, жаңы жер,менен төмөнкү орок айылында, мамлекетти дестабилдештирууго бирөөнүн кызыкчылыгы бардай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128149;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: