1-октябрь эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.
Бүгүн, 30-сентябрда бул күндүн урматына Свердлов районунун акими Мурат Осмонов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында карылар үчүн атайын концерттик программа уюштуруп, аларга майрамдык маанай тартуулады.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкери Жумагүл Тентиева билдирди.
Анын айтымында, карыларга майрамдык маанай тартуулоо максатында аталган иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет.
"Бүгүн, 30-сентябрь карылардын күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт уюштурулду. Жыл сайын бул күнү карыган адамдарга белек-бечкектер берилчү. Быйыл 500дөн ашуун карыган адамдарга 500 сом өлчөмүндө акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Ар дайым кары адамдарыбыздын жанында жөлөгөн, таяган жакындары көп болсун", - деди Тентиева.