1- Октябрь 2011 -жылы Карылардын эл аралык күнү

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү.

28 жылдан бери Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет. 2018-жылдын 10 айында Кыргыз жеринде мыйзам боюнча эркектер - 63, аялдар - 58 жашынан кары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 миң кары адамдар, жарандардын санынын 7,6 пайызын түзөт. Ал эми Социалдык фонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сом. Бүгүнкү күндө  пенсия алууга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөк пул алып келет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 17 стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлүп келет. Алардын 405и кары жарандар. Ал эми 920 социалдык кызматкерлер тарабынан 7577 жалгыз жашаган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер социалдык кызматтар көрсөтүлүп келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан