КҮНСОБОЛ: Электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө алабызбы? Гүлжигит Исаков: "Суу тымызын сатылууда деген версияны тыкыр изилдөө керек"

2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард метр куб түзүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз экенин билдирди. Ошондой эле ал иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга караганда суу 2 миллиард метр кубга аз. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганы айтылды. Электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө алабызбы?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков белгилегендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли былтыр деле аз болчу. "Суу тымызын сатылууда деген версияны тыкыр изилдөө керек. Гидропотенциалыбыздын 9-10 пайызы гана колдонулат. Майнинг чарбаларына электр тогун берүү үчүн колдонулбаган потенциалга инвестиция салып, ошол жерден акырындап салган акчаны чыгарып алуучу шарттар түзүлүүгө тийиш. Бул B.O.T. келишимдери (ред. Build-Operate-Transfer Contract - Куруу-Эксплуатация-Өткөрүп берүү) аркылуу ишке ашса, жөн эле агып кетип жаткан сууга бирөөлөргө инвестиция салдыртып, анын пайдасын белгилүү убакыттан кийин көрө баштайбыз.

Электр энергиясы тармагы өтө коррупциялашкан. Аны иретке келтирбей туруп, экономиканын өнүгүшү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Электр энергиясы, жол, каржылык каражаттары сыяктуу экономиканын кан тамырларынан болуп эсептелет. Майнинг компанияларын көбөйтүү зарыл. Ал биздин колдонулбаган гидропотенциалды колдонуп, экономиканы өстүрө турган экспорттук элемент. Колдонулуп жаткан 9-10 пайыз менен чектелип, тыюу салбай, 90 пайыз потенциалга басым жасап, кеңири ойлонуу керек", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан