2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард метр кубду түзүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга аз экенин билдирди. Ошондой эле ал иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга караганда суу 2 миллиард метр кубга аз. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулганы айтылды. Электр энергиясын үнөмдөө менен экономиканы өнүктүрө алабызбы?" деген собол салды.
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 10-12 пайызга гана аз болуп жатат.
"Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров суунун көлөмү аз болуп жатат деп айтышууда. Суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 10-12 пайызга гана аз болууда. Сууну натыйжалуу иштетсек быйылкыдай абал болбойт эле. 19 жарым миллиард метр куб сууну топтосо болот эле. Тилекке каршы Өзбекстанга, Казакстанга сугат иштерине 2 миллиарддан ашык суу коё берилди. Бул экономикалык чыккынчылык. Кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү толугу менен жетпейт. Электр энергиясын чектөө жана үнөмдөө маселелери коюлуп жатат. Бул туура эмес. Чектөө киргизилип, ишканаларга, чакан жана чоң бизнеске электр энергиясын керектүү көлөмдө бербесек, бизде эч качан экономика өнүкпөйт", - дейт Расул Умбеталиев