Руслан Матраимов "үйүбүздүн короосунда жүргөн адамдын башына дрон кулап түштү" десе, "Азаттык" муну четке какты

28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат тараткан. Анда окуяга катышкан бир тарап болгон "Азаттык" Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары бизге таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап "үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен, менчик үйдү уруксатсыз видеотасмага тартууда, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда", - деп арызданган.

Ал үй Матраимовдордун эң кичүү иниси Руслан Матраимовго таандык экенин ал өзү SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, алар жашаган үйдүн үстүндө буга чейин да 2-3 жолу дрон учуп жүргөнүн байкашкан. Бул жолу дрон короосунда жүргөн адамдын үстүнө түшүп, ал башынан жаракат алган.

"Өзүбүз жашаган үйдүн үстүндө дрон учуп жүрсө, анан ал келип короодогу адамдын башына түшүп жатса мен эмне кылышым керек эле? Эч ким бизге келип, кайсы бир жагдай тууралуу тартып жатабыз деп эскерткен да, макулдашкан да, уруксат алган да эмес. Эгер дрон кичинекей кызымдын башына түшсө эмне болмок? Бизге тынчтык керек. Ошондуктан бул окуя мыйзам чегинде каралсын деп милицияга кайрылганбыз", - дейт Руслан Матраимов.

Бул боюнча "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаков биздин суроолорго жооп берип, дрон короодогу адамдын башына түшкөн деген кепти четке какты.

"Дрон адамдын башына түшкөн эмес. Матраимовдор болбогон нерсени болду деп көрсөткөнгө көнүп калышкан. Ал күнү оператор журналист Алинин (ред. Токтакунов) айтуусу боюнча ошол жакты тартып жүргөн. Анткени алар Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан тартып "Келечек" балдар борборуна чейинки жолду тосуп алышкан", - деген Исаков Матраимовдордун көбү бийликте болгон адамдар экенин, бийликтеги адамдардын менчиги корголбойт деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан