Бүгүн, 30-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, депутат 9-декабрга чейин үй камагында калтырылды.
Буга чейин Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алуу" беренеси боюнча кылмыш ишинде күбө эмес, айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирген. 22-августта Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына алган.