"Азаттыктын" жарандык коомчулуктун үстүнөн манипуляциясы" деген аталыштагы жашыруун аудиосу интернетке тарады.
Анда "Азаттыктын" журналисти Ыдырыс Исаков деп жазылган жана С.М. аттуу жарандын телефон аркылуу сүйлөшкөнү жарыяланган. С.М. аттуу жаран Ыдырыс Исаков делгенден эмнеге ал жакка балдарыңыз барат деп сураганда, Исаков бул чоң саясат экенин айтканы жазылган. "Камераны берип, сындырып койгон дронду төлөтүп алышыбыз керек. Алар эмнеге ал жакка барганы бул чоң саясат, аны чоңдор чечет. "Мени уруп салды, чаап салды" дей турган болсоңор, Матраимовдор кол салды деп журналисттерди көтөрөбүз", - деп жазылат Исаковдун атынан видеодо.
Ал эми Ыдырыс Исаков С.М. аттуу жаран менен сүйлөшүү болгонун SUPER.KG порталына тастыктады. "Бир нече мазмундагы сүйлөшүүнү булар бириктирип монтаж жасаган. С.М. деген адам Кара-Суу районундагы Савай айылынын башчысы болот, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Бул чоң саясат деген сөздү биз болгону камераны кандай кылып алабыз, түз жол менен бересиңерби же болбосо ушундай ызы-чуу болобу деп сүйлөшкөнбүз", - дейт Исаков.
28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат тараткан. Анда окуяга катышкан бир тарап болгон "Азаттык" Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары бизге таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап "үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен, менчик үйдү уруксатсыз видеотасмага тартууда, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда" деп арызданган.