Укук коргоочу Рита Карасартова: "Социалдык тармактарда комментарий жазып отургандардын артында бийлик өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери турат". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Ал жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканын айтты. Депутат эл өкүлдөрүн фейк маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутаттар арызданууда. Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы?" деген собол салды.

Укук коргоочу Рита Карасартова билим тармагын оңдосок фейктер өзүлөрү эле чыгып калат деген пикирде. "Эгерде депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн бийликте отуруп алып, демилге көтөрүп жатса, эртеңки үнү өзүнүн башына тиерин унутпасын. Саясий абал бат-бат өзгөрүп турат. Кечээ эле Карамушкина сөз эркиндигине кол салып жүргөн. Бүгүн кайрадан жарандык коомдон жардам сурап жатат. Эгер биз билим тармагын оңдосок, фейктер өздөрү эле чыгып калат. Фейк маалымат таратуу, жалданма адамдарды отургузуп социалдык тармактарда комментарий жазып отургандардын артында бийлик өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери турат. Маалымат коопсуздугу менен Улуттук коопсуздук кызматы иштеш керек. Бакыт Төрөбаевге Ирина Карамушкинанын тагдыры сабак болуш керек", - дейт Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан