Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Ал жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканын айтты. Депутат эл өкүлдөрүн фейк маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутаттар арызданууда. Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сынды көтөрө билүү керектигин айтты. "Бийликте жүргөндө сын-пикирлер абдан көп айтылат эмеспи. Адамдын аброюна шек келтирген пикирлердин жазылганы өкүндүрөт. Жеке баракчамда да орой сөздөр жазылат. Бул туура эмес. Айрым адамдар фейктердин артына жашынып жазышат. Мамлекетибиз, экономикабыз өнүгүп, элдин жашоо деңгээли жакшырганда мындай нерсе жоголот. Билим берүү системин оңдош керек. Китептерден ката кетип жатса, мындай болгула деп кайдан айтмак элек. Интернетти көзөмөлгө алуу кыйын", - дейт Сурабалдиева.