Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов коррупциялык иштер такыр эле жоюлуп кетет деп ойлобой тургандыгын айтты. "Ата-энелер дайыма балам жакшы жерде окуса, жакшы көңүл бурулса экен деп мугалимдерге белек беришет. Негизи билим берүү жана илим министринин баштаган иши туура.
Мугалимдин айлыгынын аздыгынан, оңдоп-түзөөгө болгон акчанын жетишсиздигинен акча чогултулуп жатат. Ушундай көйгөйлөр жоюлса, акча чогултуу дагы болбойт. Мугалимдин айлыгы көп болсо, аларда жумушун жоготуп алуу коркунучу пайда болуп, коррупция өзүнөн-өзү токтотулат", - дейт Алмазбек Эргешов.