Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул мыйзамдын иш жүзүндө аткарылышы күмөн деген ойдо. “Мектептердеги акча чогултууну коррупция деп айта албайм. Себеби өлкө ичиндеги мектептердин абалы тууралуу баарыбыз эле кабардарбыз. Мугалимдердин айлыгы аз, окуучуларга түзүлгөн шарттар начар. Бюджеттен жетиштүү түрдөгү каражат бөлүнгөн эмес. Негизи бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келе жатат. Жаңы министрдин буйругу жаңылык болуп, акча чогулткан мектеп жетекчилери иштеп кетет дегенге күмөнүм бар. Мыйзам чегинде акча салууга тыюу салынганы менен ата-энелер балдарынын мектепте тынч билим алышын каалайт. Ошондуктан мектеп, бала бакча жетекчилеринин шарттарына көнүп беришет. Бул чырдын негизи акча чогултууда эмес, ошол чогулган акчалар тууралуу отчёттун ачык-айкын берилбей жатышында деп ойлойм”, - деди укук коргоочу.