Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул буйрук бир жагынан жакшы көрүнүш экенин айтты. "Бирок мамлекет тазалык үчүн колдоно турган каражаттарды чечип бере алабы? Мисалы менин карындашымдын баласы быйыл Бишкектеги мектептердин бирине окууга кирди. Банк аркылуу бир аз акча төлөп бердик. Ал каражат тазалыкка, жакшы иштерге коротулганын байкадым. Мамлекет ошонун баарын камсыздап берсе жакшы болмок. Коррупция кээ бир мектептерде бар, айрымдарында жок. Аталган буйрук тазалык үчүн акча чогулткан мектептерге зыяны тийип калбашы керек", - дейт Нышанов.