Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.
Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков буйрук менен коррупция токтотулбай турганын айтты. "Биз ата-энелердин уюмун түзгөнбүз. Ошонун негизинде ата-энелер фонду жоюлсун деп 2-октябрда митинг уюштурдук. Билим берүү жана илим министрлиги 30-сентябрь күнү кечинде буйрук чыгарып, акча чогултуу жоюлду деди. Бул буйрук алдоо. 2-октябрга карата эле чыгарылган буйрук экени билинди. Буйрукту биздин юрист карап чыкса фонддорду жоюу жөнүндө сөз жок. Болгону мугалимдер акча чогултууга катышпасын деген буйрук чыгарыптыр. Буга чейин деле мугалимдер, директорлор ата-энелер аркылуу акча чогултуп келген. Бул коррупциялык жолду директорлор министрлик менен бирге ойлоп табышкан. Ошон үчүн директорлордун үстүнөн далилдүү фактылар менен келсек, министрлик дайыма аларды коргоп келет. Анткени алар акчаны тең бөлүшүшөт", - дейт Жунусбеков.