Өкмөт пластик баштык колдонууга салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккандыгы жазылган. Анда пластик баштыктын ордуна кагаз баштыгын колдонуу сунушталган. Пластик баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилизация кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү камтылган.
SUPER.KG порталы "Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?" деген собол салды.
Эколог Динара Кутманова бул көйгөй комплекстүү түрдө чечилиш керек деген ойдо. "Пластик баштыктарга карата чара көрүлүшү туура. Бирок бул көйгөй салык киргизүү менен чечилбейт. Өкмөт сунуш берди. Бирок ал ишке ашкан күндө деле чала иштелип чыккан долбоор болуп калат. Себеби таштандылардын маселесин комплекстүү түрдө караш керек. Азыркы учурда борбордо желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана бар. Бирок алар пластик баштыктарды кабыл албайт. Ошондуктан өкмөт пластик баштыктар гана эмес, жалпы таштанды маселесин чечсе жакшы болмок. Өкмөт мэрия, муниципалдык ишканалар жана башка тармактагылар менен биргеликте иш алып барса, натыйжа жакшы болот деген ойдомун. 2003-жылы таштандыларды кайра иштетип чыгаруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ал жерде бул көйгөйдүн бардык аспектилери эске алынган. Бирок азыркы учурда ал программа боюнча иш жүргөн жок. Негизи бул маселенин жалгыз бир багытын эмес, жалпылап чечсе жакшы болмок", - деди ал.