Депутат Акылбек Жапаров: "Пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүү мыйзам долбоорун колдоо керек". КҮНСОБОЛ

Өкмөт пластик баштык колдонууга салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккандыгы жазылган. Анда пластик баштыктын ордуна кагаз баштыгын колдонуу сунушталган. Пластик баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилизация кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү камтылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүү мыйзам долбоорун колдоо керек деген оюн билдирди. "Бирок альтернативдик жолун дагы сунуштоо шарт. Анда жарандарды илгерки баштыктарды көтөрүүгө чакыруу керек. Илгеркидей экологияга зыянын тийгизбеген баштыктарды көтөргөндөргө сый акы бериш керек. Пластик баштыктардын баасын жогорулатуу абзел. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталганда пластик баштыктарды колдонууга тыюу салуу керек", - дейт Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан