КҮНСОБОЛ: Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?

Өкмөт пластик баштык колдонууга салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккандыгы жазылган. Анда пластик баштыктын ордуна кагаз баштыгын колдонуу сунушталган. Пластик баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилизация кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү камтылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

ЖАПАРОВ: "Пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүү мыйзам долбоорун колдоо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүү мыйзам долбоорун колдоо керек деген оюн билдирди. "Бирок альтернативдик жолун дагы сунуштоо шарт. Анда жарандарды илгерки баштыктарды көтөрүүгө чакыруу шарт. Илгеркидей экологияга зыянын тийгизбеген баштыктарды көтөргөндөргө сый акы бериш керек. Пластик баштыктардын баасын жогорулатуу абзел. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталган пластик баштыктарды колдонууга тыюу салуу керек", - дейт Акылбек Жапаров.

ТУРУСБЕКОВ: "Пластиктин зыянын далилдөөнүн кереги жок, элдин баары билет"

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков пластик баштыктардын зыяны көп экенин дүйнө жүзү билет деген пикирде. "Пластиктин зыянын далилдөөнүн кереги жок, элдин баары билет. Ысык-Көлгө канчалаган баштык ыргытылганын көрдүм. Илимдер академиясынын адистерин чакырып, алардын ой-пикирлеринин корутундусун алдым. Пластик баштыктар 200-300 жылдай чирибейт экен. Суунун ичинде көпкө сакталып жата берет. Пластик бөтөлкө, баштыктар бекер берилет деген туура эмес. Анын баары биз сатып алып жаткан товарга кошулат. Көп убакытка пайдалана турган баштыктарды колдонсок жакшы болот эле", - дейт Турусбеков.

ТОКТОШЕВ: "Экологияга зыянын тийгизген баштыктарды колдонууга тыюу салуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Токтошев салык киргизүү туура эмес экенин айтты.

"Салык киргизбей эле экологияга зыяны тийе турган пластик баштыктарга тыюу салуу керек. Пластик баштыктар чирибейт. Салык киргизген туура эмес. Чирий турган, экологияга зыян тийгизбеген баштыктарды колдонуу керек. Мындай баштыктарды колдонууга көпчүлүк мамлекеттер өтүп жатат", - дейт Токтошев.

САБИРОВ: "Экологияны сактагыбыз келсе, кагаз баштыктарды колдонууга өтүшүбүз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров пластик баштыктарды колдонууга тыюу салуу керектигин айтты. "Пластик баштыктарды колдонууга тыюу салып, эгерде ага карабай колдонсо айып пул салынышы керек. Өкмөттүн мыйзам долбоорун колдоо шарт. Анткени жер-жерлерде баштыктар жатат. Бул өмүр бою чирибей турган нерсе. СССР убагындагыдай кагаз баштыктарды колдонуу керек. Экологияны сактагыбыз келсе, пластик баштыктарды колдонууга тыюу салуу зарыл", - дейт Сабиров.

КУТМАНОВА: "Өкмөт пластик баштыктарга салык киргизүү менен көйгөйдү чечпейт"

Эколог Динара Кутманова бул көйгөй комплекстүү түрдө чечилиш керек деген ойдо. "Пластик баштыктарга карата чара көрүлүшү туура. Бирок бул көйгөй салык киргизүү менен чечилбейт. Өкмөт сунуш берди. Бирок ал ишке ашкан күндө деле чала иштелип чыккан долбоор болуп калат. Себеби таштандылардын маселесин комплекстүү түрдө караш керек. Азыркы учурда борбордо желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана бар. Бирок алар пластик баштыктарды кабыл албайт. Ошондуктан өкмөт пластик баштыктар гана эмес, жалпы таштанды маселесин чечсе жакшы болмок. Өкмөт мэрия, муниципалдык ишканалар жана башка тармактагылар менен биргеликте иш алып барса, натыйжа жакшы болот деген ойдомун. 2003-жылы таштандыларды кайра иштетип чыгаруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ал жерде бул көйгөйдүн бардык аспектилери эске алынган. Бирок азыркы учурда ал программа боюнча иш жүргөн жок. Негизи бул маселенин жалгыз бир багытын эмес, жалпылап чечсе жакшы болмок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан