Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо - мамлекеттик сырды коргоодон баштала турганын бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышындагы ири конференциянын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков айтты.
"Өтө кылдат мамилени, зор түйшүктү талап кылган багыт - бул маалыматтарды коргоонун коопсуздугу. Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо - мамлекеттик сырды коргоодон башталат. Ошол эле учурда жарандарыбыздын кызыкчылыктары кол тийгис. Адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок", - деди президент.
Мындан улам ал санариптештирүүнүн этикасын сактоону, киберкоопсуздукту камсыздоону жана жарандардын ички маалыматын коргоону камсыз кылуу керектигин айтты.
"Киберкоопсуздук боюнча өкмөт стратегия кабыл алды. Эми бул багыттагы жаңы технологияларды киргизүүгө муктажбыз", - деп кошумчалады өлкө башчы.