Сооронбай Жээнбеков: "Коопсуз шаар" ишке киргенден бери жол кырсыктары азайды"

Сооронбай Жээнбеков "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери жол кырсыктары азайганын бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы санариптик трансформация" аталышындагы конференциянын жүрүшүндөгү сүйлөгөн сөзүндө айтты.

"Бул долбоор өкмөткө пайда көздөгөн экономикалык долбоор эмес, жол кырсыгын жана өлүм-житимди азайтууга багытталган", - деди ал.

Президенттин айтымында, долбоор ишке киргенден баштап жолдо жүрүү эрежесин бузгандардын саны 50%га азайган.

"Борбор Азиядагы санариптик трансформация" аттуу эл аралык конференцияны Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан