КҮНСОБОЛ: Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу? Гүлжигит Исаков: "Кагаз жүзүндө ар бир жарандын жеке жашоосу коргоо алдында, бирок практикада ал иштебейт"

Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында ири конференция өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок деп билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков биометрикалык маалыматтар дагы жеке жашоого тиешелүү маалыматтарга кире турганын айтты. "Кагаз жүзүндө ар бир жарандын жеке жашоосу коргоо алдында, бирок практикада ал иштебей келет. Ар бир жарандын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү бийликте тургандардын колунда болот. Алар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, аманатка кыянаттык кылышып же өздөрүнүн кылмыштарына тиешелүү маалыматтарды жаап-жашырып, жок кылышып, ал тургай, ар бир адамдын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды саясий күрөштө атаандаштарына каршы колдонуп келишет.

Биометрикалык маалыматтар дагы жеке жашоого тиешелүү маалыматтарга кирет. Жарандарыбыздын жеке маалыматтары үчүнчү жактардын атайын кызматтары тарабынан колдонулуп келгени жарандардын жеке маалыматтарынын корголбогонунан кабар берет.

Мыйзамсыз баюуга негиз түзгөн жарандардын укук коргоо органдары тарабынан дыкат иликтөөгө алынбаганы, катардагы жарандардын ошол нерсе менен алектенүүсүнө шарт түзүүдө. Анткени, коомдун туура маалымат алууга укугу бар. Ар бир салык төлөөчү өзүнүн ар бир тыйынын кайда жумшалып жатканын толук билүүгө укугу бар.

Эч бир жаран коомдун байлыгына кол салып алып, "ар бир жарандын жеке маалыматы жана жашоосу купуя сыр бойдон калышы керек" деген принциптин аркасына жашына албайт. Анткени ар бир салык төлөөчүнүн чөнтөгүнө салынган кол коомго коркунуч туудурат. Бул жаман илдетти популяризациялабай, бөгөт коюу, ага илээшкендерди жазалоо улуттук кызыкчылык маселеси катары эсептелинет.

Жеке укук коомдун укугунан жогору тура албайт. Коомдун укугуна кол салынган жерде жеке укуктун артына жашынгандык - бет тырмоочулук", - дейт Гүлжигит Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан