Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Кайсы бир адамдын жеке маалыматы чыгып кетпейт деп бүгүнкү күндө өкмөт, бийлик да кепилдик бере албайт". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында ири конференция өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок деп билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жеке маалыматтарды мамлекет сактай албай турганын алдын ала билишибиз керек деген пикирде. "Азыр дүйнө ааламдашты, технология өнүгө баштады. Адамдардын жеке маалыматын алуу боюнча дүйнөдө көп мүмкүнчүлүктөр, адистер, компаниялар пайда болду. Мына ушул фондо Кыргыз мамлекетинде кайсы бир адамдын жеке маалыматы чыгып кетпейт деп бүгүнкү күндө өкмөт, бийлик да кепилдик бере албайт. Анткени биздин өкмөт ушуга окшогон оор технологияларды, жаңы технологияларды эмес жөнөкөй иштерди да жасай албай жатат. Биз жеке маалыматтар кол тийгис болот деп эч ким кепилдик бере албаганын, мамлекет сактай албай турганын алдын ала билишибиз керек", - дейт Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан