Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Жарандардын жеке маалыматын коргоо жагынан Кыргыз өлкөсү бир топ эле начар абалдабыз". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында Эл аралык деңгээлде ири конференция өттү. Аталган иш чарада президент Сооронбай Жээнбеков "жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок" - деген сөзүн айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз өлкөсүндө жарандардын жеке маалыматы корголгон эмес деп эсептейт.

"Негизи Кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамында жарандардын жеке маалыматы, жеке коопсуздугунунун корголушу боюнча жазылган. Демек президентибиз тарабынан айтылган сөз конституциялык норма. Бирок ал үчүн атайын мыйзам кабыл алынган эмес. Ошондуктан президенттин айтканын жетекчиликке алып, Жогорку Кеңеш бул маселени карашы керек.

Ал эми моралдык жагын карай турган болсо, адамдын дин эркиндиги, сөз эркиндиги дегендей эле табияттан энчи болгон норма болуп эсептелет. Ошондуктан бул нерсе ар кандай демократиялык жактан корголушу керек. Тилекке каршы, бул маселе бүгүнкү күндө корголгон эмес. Мисалы, укук коргоо органдарынын жеке адамдын коопсуздугун, анын ала турган маалыматын кайра ошол адамдын өзүнө каршы колдонуп жүргөн учурлар абдан эле көп. Айрыкча укук коргоо органдары, УКМК, ИИМ жана башкалар. Бул жагынан Кыргыз өлкөсү бир топ эле начар абалдабыз", - деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан