Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында Эл аралык деңгээлде ири конференция өттү. Аталган иш чарада президент Сооронбай Жээнбеков "Жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок" - деген сөзүн айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов жарандардын жеке турмушуна, жумушуна, жашоосуна жасалган корголбогон мамиле ачыкталса, ага катуу чара көрүлүүсүн туура деп эсептейт.
"Албетте, бул маселе бүгүнкү күндө орчундуу маселелердин бири болуп жатат. Ар бир адамдын жеке турмушуна, жумушуна, жашоосуна жасалган, корголбогон мамилени мен туура эмес деп ойлойм. Чынында бул нерсе карапайым адамдардын айтымында, көбүнчө саясатчыларга колдонулуп калып жатат.
Ал нерселерге баарыбыз күбө болуп келе жатабыз. Эгерде бир саясатчы ачык бир маалыматтарга каршы пикирлерге чыгып, өкмөттү болобу, кандайдыр бир кыймылды болобу катуу сындап калат. Бул учурда жеке маалыматтар корголбой, бир нерсени айтсаң телефондон тыңшап угушат. Жакында эле маалыматтарды алабыз деп ар кандай дрондорду коё берип, үйүнө кирип тарттырышкан. Бул жаатта этика сакталышы керек да. Эми мончодо жүрсө деле тартып, үйдө жүргөндө деле тарткандыгын этиканы сактабагандык катары кабыла алам. Бул нерсеге мыйзамдын негизинде катуу чара көрүлүшү керек. Бирок баары корголбоду деп айтпайм. Кээде жеке адамдарга тиешелүү маалыматтардын корголбой, сакталбай калганы тууралуу маалымат булактарынан окуп калып жатабыз", - деди Төлөнов.