Акыйкатчы Токон Мамытов: "Ар бир жаран жеке маалыматынын коопсуздугун көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрүп турууга укуктуу". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 4-октябрда "Борбор Азиядагы маалыматтык трансформация" аталышында ири конференция өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кызыкчылыктары кол тийгис, адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок деп билдирди.

Мынданулам SUPER.KG порталы "Жарандын уруксаты жок анын жеке маалыматына эч ким кол салбашы керектигин президент айтты. Өлкөдө жарандардын жеке маалыматы корголгонбу?" деген собол салды.

Акыйкатчы Токон Мамытов кээ бир учурларда жеке маалымат корголбой ЖМКларга чыгып кетет деген ойдо. "Жеке маалыматтын коопсуздугун укук коргоо органдары камсыз кылышы керек. Андан тышкары, мамлекеттик каттоо кызматынын да жоопкерчилиги күч. Негизи эле мыйзамдын негизинде, нормаларды сактоо менен иш жүргүзсөк жеке маалыматтар корголот. Кызматкерлердин маалыматына келсек, ар бир мекеме тартипти бекем сактап, өз адамдарынын маалыматтарын коргоп алууга дарамети жетиш керек. Биздин институтка бул маселе боюнча оозеки кайрылгандар болгон. Бирок расмий түрдө арыз жазып, фактыларды беришкен эмес. Көпчүлүк учурда ден соолугу боюнча каттоодо тургандар, жеке маалыматтар ЖМКларга чыгып кеткенин айтып, кайрылышат. Аларга юридикалык кеңеш берип, расмий түрдө кат жазыш керек экенин түшүндүрөбүз. Ар бир жаран жеке маалыматынын коопсуздугун көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрүп турууга укуктуу", - деди акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан