Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы "Кант-ТШП" компаниясынын шифер чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын биринчи кварталында ишке кире турган долбоордун сметалык баасы – 255 миллион сом.
"Жергиликтүү сырьё колдонула турган ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 3 миллион 700 миң шиферди түзөт. Мында 120 жумуш орду түзүлмөкчү. Ишкана өндүрүштү мындан ары да кеңейтип, жакынкы жылдары модернизациялайт", – деди компаниянын башкы директору Санжар Капаров.
Премьер-министр белгилегендей, "Кыргыз-Орус" өнүктүрүү фонду, "Айыл Банк", "РСК Банк", "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомдору сыяктуу финансы институттары тарабынан өлкөнүн аймактарында ишкерлерди колдоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. "Мындан тышкары, аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана инфратүзүмдүк бизнес-долбоорлорду колдоого 2 миллиард сом бөлүнүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлдү. Биз жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу демилгелерин колдойбуз. Бул жаңы иш орундарын түзүп, жергиликтүү коомду, жалпы аймакты өнүктүрөт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Жергиликтүү бийлик органдарына ишканаларды колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.