Азимбек Бекназаров ага элчилик кызмат сунушталганын айтып, бирок чечим кабыл ала электигин билдирди

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент ага Түркияга, Азербайжанга, Малайзияга элчи болуп барууну сунуш кылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйында билдирди.

"Мен президент менен жолукканда курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм деп айттым. Конституциялык реформа, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калып жатканын билдиргем", - дейт Бекназаров.

Ал ушул аптада президент менен жолугуп, ошондо сунушталган кызматтар тууралуу чечим чыгара турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан