Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Ал көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мындай көрүнүш бүгүн эле болуп жатпаганын эске салды. "Өкүнүчтүү окуя болду. Бул нерсе бүгүн эле болгон жок. Буга чейин деле болуп келген. Чоң шахталар токтоп калгандан кийин ушундай окуялар болуп жатат. Ал кишилер дагы жыргаганынан көмүр казып жаткан жок да. Алар да үй-бүлөсүн багайын деп көмүр казып жатышат. Ошол эле мезгилде мындай окуялар болбошу үчүн мамлекет тарабынан катуу талаптар коюлушу керек. Өкмөт көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Жергиликтүү бийлик дагы катуу көзөмөлгө алып, жарандарга эскертүү бериши шарт. Мындайга жол берилбеши керек", - дейт Карашев.