Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Ал көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт?" деген собол салды.
Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев көмүр казуу татаал маселе экенин, бул тармакта коопсуздук жагы өтө кылдат болушу керек экенин айтты.
"Көмүр өндүрүү менин билишиме караганда, советтер союзу учурунан бери келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Бул тармакта коопсуздук жагынан өтө чебердик, биримдик менен иш жүрбөсө, ал жерде дайым ушундай кырсыктар болуп турат. Ошондуктан көпчүлүк кендер менчиктештирилип, сатылып кетти. Ал жерде көзөмөл кандай, аны ким көзөмөлдөйт деген суроого жараша болушу керек. Мындан улам ал жердеги негизги көйгөй көзөмөлдүн начардыгы, жоопкерчиликти сезбегендиктен болуп жатат. Мурун көзөмөлдөгөндөр болот эле. Азыр кандай болуп калды, аны айта албайм. Бирок текшерип турган органдар бар. Ал тараптарга максималдуу текшерип турганга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Көзөмөл катуу болушу зарыл. Ошол жерди ишке ашырган адам көмүрдү казып келүү боюнча бардык тартипти чеги менен сакташы шарт. Көмүр казуу бул өтө кооптуу кендердин бири болгондуктан, бул татаал тема. Бул тармакты мамлекет жетекчиликке алып, көзөмөлдөп турушу керек. Эгер көзөмөл жок болсо, ушундай окуялар боло берет", - деди Айбалаев.